Нурмагомедовдун UFC’деги беттеши өтө кызык сенсация менен аяктады

0

АКШнын Калифорния штатында өтүп жаткан UFC 311
турниринде орусиялык Умар
Нурмагомедов грузиялык Мераб Двалишвилиге сансациялуу түрдө
утулуп калды.
Беттеш беш раундга созулуп, сенсациялуу аяктады. Тагыраагы 5
раунддун жыйынтыгы менен калыстар жеңишти грузиялык мушкерге
ыйгарышты. Беттештин алдында Умар Нурмагомедов талашсыз
фаворит катары эсептелген.
Ошентип, Мераб Двалишвили карьерасындагы 19-жеңишине ээ
болду, ал эми Умар Нурмагомедов UFC уюмундагы алгачкы
жеңилүүсүн тартты.
Белгилей кетсек, турнирдин негизги беттешинде орусиялык мушкер
Ислам Махачев менен бразилиялык Ренато Мойкано жеңил
салмактагы чемпиондук наам үчүн беттешет.
Нурмагомедов сенсациялуу утулду

Get real time updates directly on you device, subscribe now.