Олимпиада-2020: Кыргыз спортчуларынын оюндарынын графиги

0

Токио Олимпиадасындагы кыргызстандыктардын оюндарга чыгуу графиги:
Оор атлетика
Расулбеков Бекдөөлөт 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Расулбеков Бекдөөлөт 2021-жылдын 31-июлунда 96 кг салмакта катышат (11:50 Япония убактысы) (8:50 Бишкек убактысы)
Жалпы 15 спортчу ушул салмака катталган. А жана B тайпаларына бөлүштүрүлөт.
*
Эркин күрөш
1. Акматалиев Эрназар 1998-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Акматалиев Эрназар 2021-жылдын 6-августунда 65 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
2. Лазарев Айаал 1986-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Лазарев Айаал 2021-жылдын 5-августунда 125 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
*
Грек-рим күрөш
1. Шаршенбеков Жоломан 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Шаршенбеков Жоломан 2021-жылдын 1-августунда 60 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
2. Махмудов Акжол 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Махмудов Акжол 2021-жылдын 2-августунда 77 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
3. Азизбеков Атабек 1995-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Азизбеков Атабек 2021-жылдын 3-августунда 87 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта каталган.
4. Джузупбеков Узур 1996-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Джузупбеков Узур 2021-жылдын 2-августунда 97 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
*
Аялдар күрөшү
1. Тыныбекова Айсулуу 1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек синирген спорт чебери. Тыныбекова Айсулуу 2021-жылдын 3-августунда 62 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
2. Жуманазарова Мээрим 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Жуманазарова Мээрим 2021-жылдын 2-августунда 68 кг салмакта катышат (11:30 Япония убактысы) (8:30 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
3. Медет кызы Айпери 1999-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Медет кызы Айпери 2021-жылдын 1-августунда 76 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы)
Жалпы 16 спортчу ушул салмакта катталган.
*
Дзюдо күрөшү
Золоев Владимир 1993-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Золоев Владимир 2021-жылдын 27-июлунда 81 кг салмакта катышат (11:00 Япония убактысы) (8:00 Бишкек убактысы)
Жалпы 64 спортчу ушул салмакта катталган.
*
Сууда сүзүү
Петрашов Денис 2000-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Петрашов Денис 2021-жылдын 24-июлунда брасс 100 метр аралыкта катышат (20:55 Япония убактысы) (17:55 Бишкек убактысы)
Жалпы 50 спортчу каталган.
Ошондой эле, Петрашов Денис 2021-жылдын 27-июлунда брасс 200 метр аралыкта катышат (19:50 Япония убактысы) (16:50 Бишкек убактысы). Жалпы 40 спортчу катталган.
*
Фехтование
Петров Роман 1991-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын эл аралык даражадагы спорт чебери. Петров Роман 2021-жылдын 25-июлунда шпага түрү боюнча катышат (09:30 Япония убактысы) (6:30 Бишкек убактысы)
Жалпы 36 спортчу катталган.
**
Жеңил атлетика
1. Маслова Дарья 1995-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери. Маслова Дарья 2021-жылдын 7-августунда 42 км “Марафон” аралыкта катышат (07:00 Япония убактысы) (4:00 Бишкек убактысы)
Жалпы 88 спортчу катталган.
2. Кенешбеков Нурсултан 2000-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын спорт чебери. Кенешбеков Нурсултан 2021-жылдын 3-августунда 5000 м аралыкта катышат (20:00 Япония убактысы) (17:00 Бишкек убактысы) жана 6-августунда финалдык аралыкта (21:00 Япония убактысы) (18:00 Бишкек убактысы). Жалпы 43 спортчу катталган.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.