UFC чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстанга келди

0

UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Бишкекке келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны WEF федерациясынын өкүлдөрү жана күйөрмандары тосуп алышты.

Эртең, 22-ноябрда спортчу күйөрмандары менен жолугуп, маалымат жыйынын өткөрөт. Ал 2019-жылдан бери мекенине келе элек.

Фото barakelde.org
Фото barakelde.org

Сентябрдын аягында кыргызстандык Валентина Шевченко Лас-Вегаста өткөн Ultimate Fighting Championship (UFC) 266 турниринде америкалык Лорен Мерфини жеңип алган. Спортчу UFC чемпиону титулун алтынчы жолу коргоду (56,7 килограммга чейин).

Get real time updates directly on you device, subscribe now.