УКМК: Ош облусунда баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдар кармалды

0

Маалыматта айтылгандай, УКМК тарабынан Ош облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды таратууга аракет кылган топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Тактап айтканда, 2026-жылдын 16-майында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында, атайын даярдалган жашыруун жайдан («закладкадан») баңгизат каражаттарын алып чыгып, аны андан ары сатуу максатында аракет кылып жаткан учурда, Кыргыз Республикасынын жараны А.Д.А. кылмыш үстүндө кармалды.

Экспертизанын жыйынтыгында алынган заттар жалпы салмагы 8 кг 943 гр болгон «гашиш» (афган чарсы) аттуу баңги зат экени аныкталды.

Азыркы учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелеринин негизинде, жаран А.Д.А. КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.