УКМК: Жалал-Абад облусунун аймагында диний окуу жайлардын мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды

0

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети аймактагы ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө диний билим берүү мекемелеринин (медреселердин) мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзүү фактыларын аныктады.

Белгилүү болгондой, диний окуу борборлору Кыргыз Республикасынын (КР) учурдагы мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен узак убакыттан бери тиешелүү уруксат берүүчү документтерсиз билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп келишкен.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында тиешелүү каттоосу жана уруксат берүүчү документтери жок иштеп келген 20 медресенин (хужралардын) мыйзамсыз ишмердүүлүгү аныкталды.

Учурда бул факт боюнча иштин бардык жагдайларын тактоого, ошондой эле тиешеси бар адамдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартууга багытталган зарыл тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КР УКМК мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндө туруктуулукту колдоого багытталган мыйзамсыз ишмердүүлүктү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча ишин улантууда.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.