Мага кирешенин ишенимдүү булагы керек. Мен кайда, эмне кылып жүрсөм да, алыскы өлкөлөргө саякаттасам да, менин капчыгымды толтуруп турар киреше керек!
***
Менин иштеп тапканымдын бир бөлүгү мага гана таандык.
***
Өзүңөргө келечектеги кирешени камсыздагыла. Улгайган адамдарга абай салып, силер да жылдар өткөндө ушундай кары боло турганыңарды унутпагыла. Ошондуктан байлыгыңарды этияттап, жоготуп албагандай иштеткиле.
***
Өз үй-бүлөңөрдүн силер аркы дүйнөгө кеткенде да бакубат жашоосуна шарт түзгүлө. Бул максатта да акча топтогула. Алысты көрө билген адамдын мындай кырдаалдарга да каражаттары алдын ала караштырылат.
***
Эгер адамдын иши жүрүшсө, баардык жагынан алга жылат. Аны Евфраттын суусуна салып жиберсең да колуна бермет уучтай чыгат.
***
Ийгилик мүмкүнчүлүктү пайдаланган адамды тандайт.
***
Улуу даражалуу ийгилик эмгекчил адамды жактырат.
***
Эгер чечкиндүү болсоң, максатыңа жетесиң.
***
Биринчиден, мен өзүмдүн кийинки жакшы жашоом жөнүндө ойлонушум керек. Ошондуктан иштеп тапканымдын ондон бир бөлүгүн өзүм үчүн катып коём.