Ж.К. Шабданбеков: Кыргызстан ММА боюнча алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыгышы керек

0

Бүгүн, 2026-жылдын 19-майында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин штаб-квартирасында УКМК төрагасы –Аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясынын президенти генерал-лейтенант Ж.К.Шабданбеков менен ата мекендик аралаш мушташ чеберлеринин ортосунда жолугушуу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ж.К.Шабданбеков спортчуларга жогорку кесипкөйлүгү, Кыргыз Республикасын эл аралык аренада татыктуу көрсөтүп жаткандыгы жана аралаш күжүрмөн күрөш тармагын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ата мекендик мушкерлер жогорку деңгээлдеги даярдыктарын көрсөтүп, жыл сайын кыргыз спортунун дүйнөлүк аренадагы аброюн бекемдеп жатканы белгиленди.


Аны менен катар, жолугушууда өлкөдө Аралаш күжүрмөн күрөштү (ММА) мындан ары системалуу өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Ж.К. Шабданбековдун айтымында, негизги максат — стихиялуу өнүгүүдөн системалуу ыкмага өтүү, ал бардык коопсуздук талаптарын сактоо менен гана санкцияланган турнирлерди өткөрүүнү, бирдиктүү эрежелерди жана стандарттарды киргизүүнү, мелдештерди уюштурууда ачык-айкындуулукту камсыз кылууну жана спортчулардын, машыктыруучулардын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын коргоону камтыйт.


Мындан тышкары жаштарды өнүктүрүүгө багытталган мамлекеттик саясатка Аралаш күжүрмөн күрөштү (ММА) интеграциялоонун өзгөчө мааниси белгиленди. Айтылгандай, аралаш мушташ өнөрү — бул жөн гана спорт эмес, тартип, мүнөз, сый-урмат жана духтун күчү. Туура уюштурулган шартта бул спорт түрү тарбиялоонун жана дени сак коомду калыптандыруунун натыйжалуу куралы боло алат.
Учурда Аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) ассоциациясы өз алдына бир катар так жана амбициялуу милдеттерди коюуда, алардын катарына төмөнкүлөр кирет:
— Кыргыз Республикасын Аралаш күжүрмөн күрөш (ММА) тармагындагы алдыңкы өлкөлөрдүн катарына чыгаруу;
— дүйнөлүк деңгээлдеги спортчуларды даярдоо үчүн шарттарды түзүү;
— спорттук инфраструктураны жана машыктыруучулук потенциалды өнүктүрүү;
— эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана инвестицияларды тартуу.
Мындан тышкары, алдыда Аралаш күжүрмөн күрөштү (ММА) Кыргыз Республикасындагы өнүгүүсүн сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк бере турган ири жана маанилүү иш-чаралар өткөрүлөрү белгиленди. Ж.К. Шабданбеков мамлекеттин, бизнестин жана спорт коомчулугунун күч-аракеттери бириктирилсе, өлкөнү аймактык жана эл аралык деңгээлде татыктуу көрсөтө алган абройлуу жана натыйжалуу Ассоциацияны түзүүгө мүмкүн болоруна ишеним билдирди.
Кыргыз Республикасынын УКМК төрагасы ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштер формалдуу мүнөздө эмес экенин жана ар бир спортчу кесиптик жактан өсүп-өнүгүүгө жана жогорку жыйынтыктарга жетүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк ала турган системаны түзүүгө багытталганын баса белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Ж.К.Шабданбеков спортчуларга мындан аркы ийгиликтерди, жаңы жеңиштерди жана спорттук карьерасында чоң жетишкендиктерди каалап, эл аралык аренадагы эмгеги, жетишкен ийгиликтери үчүн мушкерлерге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жогорку жетишкендиктерге карай жолдо спортчуларды күн сайын колдоп келген машыктыруучуларга, устаттарга, туугандарына жана жакындарына өзүнчө ыраазычылык сөздөрү айтылды.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.