С.ЖЭЭНБЕКОВ РЕГИОНДОР ОРТОСУНДАГЫ ТРАНСПОРТТУК БАЙЛАНЫШТЫ ТОКТОТО ТУРУУНУ СУНУШТАДЫ

0

“Учурда катаалыраак карантин режимин киргизүүнү сунуштап жаткандар бар. Абалга жараша Республикалык штаб бул сунушту киргизиши керек. Учурдагы кырдаалда биз региондордун ортосундагы транспорттук байланышты токтото туруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз”,- деди президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 

Жыйын видеоконференция форматында өтүүдө.

“Элдин саламаттыгы жана экономикалык коопсуздук таразага коюлганда, биз карантин жарыялап, өзгөчө кырдаал режимин чыдамдуулук менен аткардык. Бул режим алынгандан кийин, оорулар кескин көбөйүп, коронавирустун кесепетинен көптөгөн жарандарыбыз пневмония менен жабыркап жатышат”,– деп белгиледи президент. 

Мамлекет башчысы буга чейин майрамдарды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча сунуштарын айткандыгын эскертип, республикалык штабды бул маселе боюнча так позицияларын көрсөтүүгө үндөдү.

“Мен Жогорку Кеңештин отурумунда сүйлөп жатып, тойлорду өткөрүүгө расмий тыюу салууга сунуштама берген элем. Менимче бул маселе боюнча республикалык штаб өзүнчө расмий чечим чыгарса туура болоор”-деди Президент.

Булак:Элдик Медиа

Get real time updates directly on you device, subscribe now.