Эмне үчүн убактыбыз эч нерсеге жетпейт, кантип жеткирсе болот?

0

 План түзүү.

Эмне үчүн эч нерсеге жетишпейбиз. Себеби жалкообуз.  Жалкоолук деген эмне? Эмне үчүн жалкообуз? Жалкоолук бул максатыбыз жок, же ошол максат алсыз, максаттарга максатташ же сенин колуңан келет деген колдоочу адамдарыңыз жок болсо жалкоолук биздин мойнубузга илинет. Жалкоолук деген вирус бизди курчайт экен. Кандай максат коюш керек, эмне үчүн аткарышым керек? деген суроого жооп берген, жасатууга түрткү берген бир себеп керек. Мисалы дүйнө жүзүндөгү түрткү берген  нерсе атасы  анын ийгиликтүү болушуна ишенбеген же жашоодон катуу кагуу жеген же сүйгөн адамы таштап кеткен. Жакын адамдары сенин колуңдан келбейт деп намысына тийген сөздөрдөн улам өзүнүн максатына жетүү үчүн план койууга мажбур кылган. Ошондой бир себеп  дагы адамдын демине дем кошуп мен далилдейм деген ички бир күчтү берет  экен. Ошон үчүн ички күч бул негизги нерсе. План жазып койсо эле орундалып калбайт. Эмнеге пландар орундалбайт?

Себеби биз пландарды жазганда жөн эле жазып койобуз.  Биздин мээбизге күнүнө элүү миңдей ой келип жатпайбы,  ошол ойлордун арасында  пландарыбыз жөн эле бир ойго окшоп кетип калат. Көмүскө акылыбыз аны анча деле маанилүү эмес деп кабыл алат. Биз качан гана планыбызды күндө кайталасак көмүскө акыл бул кайталаганы үчүн ушул нерсе маанилүү окшойт деп кабыл ала баштайт экен. Ошон үчүн эртең менен күндө кайталап туруу керек. Экинчиден жөн эле кайталап койбостон жок дегенде кичине бир кадам жасоо керек. 100 же 1000 кадам эмес кичине гана кадам күндө жасоо керек.  Андан ары ошол планды аткарган,  туу чокусундагы адамды биз көчүрүшүбүз керек. Ал эмне кылат? Качан жеткен? Кантип жеткен? Мүмкүн болсо ошол адам менен сүйлөшүп, жазган китеби болсо  окушубуз керек. Кеңеш алсак дагы жакшы.

Эмнеге биз пландаштырышыбыз керек ? Эгерде биз пландаштырбасак анда биз жашообузду так көрө албайбыз . Биз оюбуздагы нерселерди кагазга жазып түшүргөндө, жашообузду башка бир адамдын жашоосун көргөндөй бизге жеңилирээк болот. Сизден жакын адамыныз же бир тууганыңыз  кеңеш сураса сиз үчүн аны мындай эле жасап,  чечип койсо болот да деп тез эле жооп бере аласыз.  Ал эми өзүңүзгө келгенде кеңеш берүү өтө эле кыйын болуп калат. Себеби биз сууда жүрүп өзүбүздү мен суумун деп сезбейбиз. Ошондой эле адам өзүн ар тараптан карай албайт. Ал эми планын кагазга жазганда адам өзүн ар тараптан, сырттан карай алат. Экинчиси, биз пландаштырып жатканда эмнени сезебиз. Элүү миң ойду биз кагаз жүзүнө түшүрбөйбүз да, ошол түшүрүлгөн ойлорду биздин көмүскө акылыбыз бул адам үчүн ушул маанилүү окшойт деп дагы бир жолу эстеп калат экен. Анан кошумча эс тутум булчуңдардын да эсинде физикалык көнүгүү аркылуу сакталып калат. 

Эгерде сиз максатыңызга жетүү үчүн маанилүү болсо деле  пландаштырбасаңыз дагы кийинчерээк жетишиңиз мүмкүн. А эгерде кагаз жүзүндө жазган болсоңуз анда сиз убактысынан  бир топ эсе эртерээк  жетесиз.  Деги эле пландаштыруу биз үчүн маанилүү экендигин, жашообузду так даана көрө аларыбызга  жардам берет. Биздин жашообузда эмне маанилүү? Эмне бизди 5 жылдан кийин кимдир бирөө, башкача айтканда максатына жеткен адам кыла алат? А эмне бизди эч ким кылбайт ошону тактап алат экенбиз. Эгерде биз күнүбүздү пландабасак биздин күнүбүз түшүнүксүз болуп өтүп кетет экен. Башкача айтканда тамактанып, бирөө менен сүйлөшүп, социалдык тармактар менен алек болуп, үйдөгү күнүмдүк майда-чүйдө иштер болуп  өткөрүп жиберет экенбиз. А биз пландаштырганда бул ишти 2 саатта бүтүрүшүм керек деп өзүбүзгө милдеттеме алганда биздин мээбиз тезирээк бүткөндүн жолун таап берет экен. 

Эмнеге убактыбыз эч нерсеге жетишпейт. Себеби биздин жашообузда 24 саат убакыт болсо сиз кандай өткөрөсүз ал сиздин өз эркиңиз. Кааласаңыз уктап, кааласаңыз телевизор көрүп же китеп окуйсуз. Кааласаңыз күлүп же кайгырып өткөрөсүз. Ушул убакытты кантип колдонуу дагы бул сизге көз каранды. Себеби биз күндө окшош күндөр келип жатса  бул күндөр эч качан түгөнбөйт чексиз деп ойлойбуз. Бирок  кечээ күнү өткөн убактыбызды канча байлык берсек дагы кайра кайтарып ала албайбыз. Ар бир күнүбүздү  акыркы күндөй жашашыбыз керек. Кечээги күн өттү ал эми эртеңки күндү жашайбызбы жокпу ал бизден көз каранды эмес.

Аксана Рыскулова

«Өзүңдү жең-2″

Get real time updates directly on you device, subscribe now.