Өлкөдө жол куруу темпи өстү: Жарым жылда 651 чакырым асфальт төшөлдү

0

Кыргызстанда жолдорду асфальттоо иштери өткөн жылга салыштырмалуу кыйла ылдамдады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Талант Солтобаев билдирди.

Министрдин айтымында, 2026-жылдын 16-июлуна карата өлкө боюнча жалпы 651 чакырым автожол толугу менен асфальтталды.

«Бул көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 265 чакырымга көп, өткөн жылы ушул убакта 386 чакырым жол асфальтталган», — деп айтылат маалыматта.

Get real time updates directly on you device, subscribe now.