16-20-июлда Кыргызстандын аймагында аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет эскертет.
Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +38…+40 градуска жетет. Айрым жерлеринде +41…+43 градуска чейин жогорулашы күтүлөт.
Мындай ысык күндөрү организмди суусуздануудан жана ысык өткөрүп алуудан сактоо үчүн күндүз күн тийген жерлерде көпкө жүрбөө кеңеши берилет. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн көп сугаруу сунуш кылынат.
Температуранын жогорулашына байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дээңгели көтөрүлүшү мүмкүн жана суу ташкындоо коркунучу бар.