Президент Жапаров: «Мен экс президент Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм»,

"Мен Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаевди саясий туткун деп эсептебейм", - деди президент Садыр Жапаров маалымат жыйыны учурунда. Анын айтымында, Атамбаев бир иш менен эмес, бир нече кылмыш иши боюнча жоопкерчиликке…

Жапаров: Айла жок, колубузга тийген кадрларды коюп жатабыз

Айлык акынын төмөндүгүнө байланыштуу колубузга тийген кадрларды кызматтарга коюп жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 23-октябрда басма сөз жыйынында «Марал» радиосунун журналистинин суроосуна жооп берип жатып айтты. Ал…

Путин: азык-түлүккө болгон кризис дүйнөдө мындан ары да курчушу мүмкүн

Азык-түлүккө болгон кризис мындан ары дагы өрчүшүнө бардык негиздер бар. Бул тууралуу Россиянын президенти Владимир Путин Валдай форумунда билдирди. Анын айтымында, бир нече мамлекеттерде, жадагалса региондордо мезгил-мезгили менен…

Оору күчөдү, мектептер онлайн окутууга өтөбү? Мэриянын жообу

Акыркы жумаларда тумоологондор көбөйүүдө. Бөтөнчө балдар сыркоолоп, ооруканаларда орун жетишсиз болууда. Министрлик бүгүн кошумча орундар даярдаларын билдирди. Бишкекте балдар арасында сасык тумоо менен курч кармаган…

Коронавирус дагы 125 адамдан аныкталып, төрт бейтап көз жумду

22-октябрга карай кыргызстандыктардын арасынан дагы 125 кишиден коронавирус аныкталды. Мурда ооруп жаткандардын төртөө каза болду. Үч күндөн бери өлкөдө бул инфекцияны жугузгандар көбөйүп, күнүмдүк статистика жүздөн ашып жатат.…

Ооруган балдарды мектепке жибербегиле. Бишкек мэриясы ата-энелерге кайрылды

Салттуу окутуунун баш ооруткан маселеси балдары ооруп калса деле ата-энелердин аларды мектепке жөнөткөнү болууда деп билдирди Бишкектин вице-мэри Виктория Мозгачева. Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге…

Чек ара кызматы жаңы техникалар менен толукталды

Президент Садыр Жапаров 21-октябрда Бишкекте Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматына аскердик техниканы тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттин сайты кабарлады. Маалыматка караганда, зооттолгон 40…

Күйүүчү май рыногунда жагдай кыйындап баратат

Кыргызстандын күйүүчү май рыногунда кыйын жагдай түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясына шилтеме кылуу менен “Барометр” кабарлап чыкты. Ассоциациянын эсеби боюнча күйүүчү майдын баасын мындан ары кармап туруу…

Президент шайлоодо диний чакырыктарды колдонбоону эскертти

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого аттангандарга кайрылып, динди саясатка аралаштырбоону, үгүт өнөктүгүндө диний ишенимди колдонбоону эскертти. Бул тууралуу 21-октябрда Бишкекте мамлекеттик кызматкерлердин республикалык…

Пандемияда каза болгон медиктерге эстелик тургузулду

Кыргызстанда коронавирус пандемиясы маалында кесиптик милдеттерин аткаруу учурунда курман болгон медициналык кызматкерлерге жана медициналык жогорку окуу жайлардын студенттерине арналган эстелик тургузулду. Анын ачылышына 19-октябрда …